Майлуу-Суу шаардык мэрия кызматкерлерине кылмыш иши козголду
Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан Майлуу-Суу шаардык мэриясынын айрым кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Прокуратурадан маалымдашкандай, кылмышка шектелип жаткандар Майлуу-Суу шаардык мэриясынан 290 641 сом өлчөмүндөгү каражатка бухгалтердик-каржы документин жасаткан деп айыпталышууда.