Кыргыз Республикасынын аймагында 9-апрелде саат 23:31де күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Сейсмология институтунан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Кара-Саз айылынан 13 чакырым түштүк-чыгышты карай, Кара-Күнгөй айылынан 15 чакырым түштүккө карай, Көк-Жар айылынан 28 чакырым түштүк чыгышты карай, Ак-Жар айылынан 30 чакырым түштүк чыгышты карай жайгашкан.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жер титирөө калктуу конуштарда байкалганы менен, зыян алып келген жоок.