Ысык-Көлдө Балыкчы-Каракол унаа жолунда 2 автоунаа кагышып, 3 адам каза тапты

10-апрелде саат 01:30 чамасында Балыкчы - Каракол унаа жолунун 28-чакырымында Мерседес-Бенц-711 унаасы менен Ауди-100 унаасы кагышкан. Жыйынтыгында Ауди-100 унаасындагы 3 адам каза тапты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Мерседестин айдоочусу 47 жаштагы Нурлан батышты көздөй бара жатып 19 жаштагы айдоочу башкарып бараткан Ауди менен сүзүшкөн. Жыйынтыгында Аудиде бара жаткан 58 жаштагы Эсенгул, 55 жаштагы Айнур жана айдоочу окуя болгон жерден каза тапты (алдын ала маалыматтарга караганда, уулу ата-энеси менен бара жаткан).

Учурда тиешелүү экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
naimka_jaz
2016-04-10 14:13:09
Аллахым жандарын жанаттан кылсын.Бир уй булоонун омуру токтоду
+10
imanchik
2016-04-10 15:02:27
Фотосу жок го
-4
Uragan07
2016-04-10 15:35:18
Сабыр берсин аллахым.
+1
Gulya21
2016-04-10 16:58:15
Ии байкуштар жаткан жерлери жайлуу топурагы торко болсун
+1
Magusi
2016-04-10 23:28:13
Жаман болуптур. Жаткан жери жайлуу болсун
+1
ashuular_plus
2016-04-10 23:35:03
Кудай ай! Бугун ата-энем Ауди-100 менен Балыкчыга кетишти эле. Жанылыкты аягына чейин окуп буткучо журогум оозума тыгылып аба жетпей калды. Кудай сактаса экен ушундай кырсыктардан! Аттин ай, кимдин медер туткан ата-энеси, кимдин чырактай болгон иниси экен?..
+2
Kroxa
2016-04-11 00:40:04
Жол кырсыгы кобойду,,,
0
Alya.2016
2016-04-11 06:09:01
Алтыным,сенин жоктугуна дагы деле ишене албай жатам :(;( айдоочусу менин классташ балам эле ;(;( жаткан жерин жайлуу,топурагы торко болсун! Сага жана ата-энене бейиштен жай берсин :(;(;(
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан