Индиянын Керала штатында өрт кырсыгы 100дөн ашык адамдын өмүрүн алды

Индиянын Керала штатындагы храмда чыккан өрттөн 100дөн ашык адам каза таап, 200дөн ашык адам жаракаттарды алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.

Маалыматка ылайык, өрт фейерверк шоусун уюштуруу үчүн алынган пиротехникалар сакталган жайдагы жарылуудан улам келип чыккан. Жыйынтыгында храм да кыйраган абалга келди. Ички иштер министрлиги окуяны тыкыр иликтөө боюнча тапшырма берди. Полиция храмдын тегерегинде фейерверк шоусун уюштурууга уруксат берген эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан