Темир Сариев: "Жакында кеңири билдирүү таратам..."

Премьер-министр Темир Сариев тендерди иликтеген депутаттык комиссиянын чечимине пикирин билдирди. Өкмөт башчысы Балыкчы-Корумду унаа жолун куруу укугун уткан кытайлык "Лонг Хай" компаниясынын лицензиясы бар экенин айтып, "компаниянын лицензиясы жок" деген депутаттык комиссиянын маалыматын четке какты. Өкмөт жетекчиси социалдык тармактагы жеке баракчасына жазган билдирүүсүндө буларды маалымдады:

"Кечээ, ишембиде жумуш эмес күнү депутаттык комиссия тарабынан Балыкчы-Корумду унаа жолунун курулушу маселеси боюнча комиссиянын чечими чыкты. Буга байланыштуу өзүмдүн пикиримди билдирип коюуну чечтим.

1. Жолдорду куруу жана реконструкциялоо бүт өлкөнү камтыган. Ысык-Көл айланма автоунаа жолун масштабдуу реконструкциялоо стратегиялык мааниге ээ. Бул тууралуу көп жылдар бою айтылып жүрүп, бирок ишке ашкан эмес. Маанилүү курулушту баштоо үчүн ички каржы булактарын издедик. Бул стратегиялык трассанын ишке берилерин уккан элде кубаныч жана үмүт пайда болду.

2. Тендер боюнча. Өкмөт жылына жүздөгөн тендер өткөрөт. Былтыр Транспорт жана коммуникация министрлигинин тармагы боюнча эле 23 тендер, Мамлекеттик архитектура жана курулуш тармагы боюнча 98 тендер өткөрүлгөн. Быйыл 100 мектептин курулушу боюнча тендер өткөрүлөт. Мыйзамга ылайык, тендер өткөргөн мамлекеттик органдын жетекчиси жекече жоопкерчилик алат. Балыкчы-Корумду жолу боюнча тендер да ушундай процедураларда өтүп, буга министр жоопкер.

3. Эми процедуралар тууралуу. Тендерди Жол чарба департаментинин катышуусу менен Транспорт жана коммуникация министрлиги, Мамлекеттик сатып алуулар департаменти тарабынан ишке ашырды. Билдирмелерди кабыл алуу биз былтыр өткөн электрондук форматта жүрүүдө. Бардык талапка жооп бербеген документтер объективдүү негизде аныкталат.

4. Менин жана айланамдагылардын катышуусу тууралуу. Мен көп жылдан бери саясатта жүрөм жана абийир мен үчүн курулай нерсе эмес. Менин атымды каралоо аракеттери көп жолу болду. Иликтөөнүн ачыктыгына эң биринчи мен кызыкдармын. Тендер процедурасына менин кийлигишүүм болгон эмес, болмок да эмес. Мен толук ачыкмын жана ишим дагы ачык. Менин жанымдагыларга, тагыраагы, жардамчы Н.Султановго байланыштуу. Ага карата да объективдүү иликтөө жүрүшү керек. Эгерде күнөөлүү болсо, анда мыйзам алдында жооп берсин.

5. "Империя групп" компаниясынын билдирмеси боюнча. Буга тиешеси бар экенин Канат Исаев өзү коомчулук алдында моюнга алды. Мекемелер аралык комиссиянын маалыматында көрүнүп турат, компания билдирмени өз маалында даярдап берүүгө жетишкен эмес. Билдирмелерди ачканда бул компаниянын документтери болгон эмес. Транспорт жана коммуникация министрлигинин позициясы боюнча "Империя групп" компаниясын "кара тизмеге" киргизүү сунушталган.

6. Лицензиялар тууралуу. Депутаттык комиссия кытайлык компаниянын лицензиясы жок экенин билдирди. Транспорт жана коммуникация министрлигинин алдындагы Жол чарба департаменти аталган компаниянын нотариус менен тастыкталган, котормосу бар лицензиясын көрсөттү. Анын маалыматы боюнча, "Лонг Хай" компаниясы жол жана көпүрө куруу менен алектенген ири компаниялардын бири. Мындан тышкары, баарыбыз билгендей, акыркы 20 жылда Кытай жогорку деңгээлдеги технологияларды колдонуу жана сапаттуу иштөө менен автоунаа жолдорун жана темир жол куруу боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат.

7. Каржы тууралуу. Транспорт жана коммуникация министрлиги тарабынан сунушталган долбоордун алгачкы Техникалык-экономикалык негиздемеси 9,9 миллиард сомго бааланган. Тендер өткөрүүдө жеңүүчү болгон компания 6,8 миллиард сом сунуштаган. Айырмасын саноо кыйын эмес, бюджеттик каражат үнөмдөлдү. Суроо бергим келет: бул жерде чыгым барбы?

8. Келишимге ылайык, мамлекет тарабынан алдын ала төлөнүүчү сумма келишимдин суммасынын 10 пайызын же 680 миллион сомду түзөт. Бюджеттен мунун 180 миллион сому гана төлөнгөн. Муну менен бирге, актыга ылайык, 2016-жылдын 25-мартына карата аткаруучу тарабынан 517 миллион сомдук жумуш жасалды жана АКШдан 8 миллион долларлык техника алынып келинди. Башкача айтканда, компания миллиард сомдон ашык өзүнүн каражатын жумшады. Муну эч ким четке кагат албайт. Компания акча албай туруп өз милдетин татыктуу аткарып жатат десек болот.

9. Каржылык ресурстар менен камсыздоо. Өкмөт азыркы учурда жарым миллиард сомдон ашык каражат тапты жана каржылоого даяр. Мындан тышкары өкмөт айланып өтмө жолдон Балыкчы шаарындагы көпүрөгө чейин ички жолдорду реконструкциялоого кошумча 140 миллион сом тапты.

10. Депутаттык комиссиянын иши тууралуу. Канат Исаев тарабынан демилгеленген комиссиянын жалданма экени көрүнүп турат. Жума күнү комиссия жыйынынын башталып жатканын жарыялап, ага прессаны жана негизги жооптуу адамдарды: транспорт жана коммуникация министринин орун басары У.Уезбаевди жана тендердик комиссиянын төрагасы Н.Кайынбаевди чакырды. Бирок түшүнүксүз себептер менен жыйын токтотулду. Андан кийин комиссия башкы фигуранттарды укпай жабык эшик артында чогулду. Коомчулук бул маселенин ачык каралышын күтүп жаткан. Комиссия эмне үчүн мындай кылды, бул кимге пайдалуу?

11. Комиссия күтүүсүз, жумуш эмес күнү - ишембиде жыйынга чогулуп, татаал маселе боюнча болгону төрт барактан турган корутунду чыгарды. Комиссиянын иши үчүн маанилүү маалыматы барларды бул жолу да угушпай койду. Уезбаев менен Кайынбаев көптөгөн деталдары жарыкка алып чыкмак. Объективдүүлүк жана көп тараптуулук кана? Комиссиянын көз карашы транспорт жана коммуникация министри А.Малабаевдин көрсөтмөсү менен гана түптөлдү. Бир тараптуу гана маалыматтардын негизинде чыгарылган корутунду анын объективдүүлүгүнөн шек жаратат.

12. Комиссиянын шашылыш жана жабык иштеши комиссиянын айрым мүчөлөрүнүн жалданма болушу мүмкүн экенин билдирет. Абийирди бийик көргөн адам катары бул маселени максималдуу түрдө ачык кылуу зарыл деп эсептейм. Менин кызыкчылыгым ушунда. Бардык фактыларды объективдүү иликтөөнүн жана чындыкты орнотуунун тарапташымын. Менин чочулаганым бирөө гана - мындай маанилүү жолдун курулушу саясий интригалардын айынан токтоп калышы мүмкүн.

13. Мен бир катар фактыларды келтирдим жана көпчүлүк кызыгып жаткан маанилүү маселелерди белгиледим. Жакын арада расмий түрдө кеңири маалымат таратам".

Эскерте кетсек, жакында депутаттык комиссия Транспорт министрлиги өткөргөн тендерде жол куруу укугун лицензиясы жок “Лонг Хай” компаниясы мыйзамсыз утканын жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан