Борбор калаада айдоочу жарнамалык тактаны сүзүп каза тапты. Бул тууралуу Жол-патрулдук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 8-апрелде саат 23:00 чамасында Түштүк магистралда орун алган. Анда Мазда-626 үлгүсүндөгү унааны башкарган айдоочу Түштүк магистраль менен баратып рулду башкара албай жол боюндагы жарнамалык тактаны сүзгөн. Оор жаракаттардан улам айдоочу окуя болгон жерден каза тапкан. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Унаа айып пул төлөөчү жайга токтотулду.