Борбор калаада "чала таанышынын кафесинин эшигин талкалап кирип, арак ичип, грилди жеген" деген шек менен 37 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 28 жаштагы Х.А. аттуу жаран кайрылган. Ал саат 06:10 чамасында Ф. аттуу чала таанышы 11-кичи райондо жайгашкан кафелердин биринин эшигин талкалап кирип, арак ичип, гриль тоокторду жеп, кафесинин ичин чачып салганын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында Бишкек ШИИББинин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун 37 жаштагы Ю.Ф. аттуу тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.