Бишкек шаарында уурулук фактыларына шектелген жарандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, милицияга арыз менен Бишкек шаарынын 51 жаштагы А.К. аттуу тургуну кайрылган. Ал кечээ, 10-апрелде саат 03:00 чамасында М.Горький көчөсүндө жайгашкан дүкөндүн терезесин белгисиз адамдар сындырып кирип, жеке буюмдарды уурдап кетишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 57 жаштагы С.А. аттуу тургуну кармалган.
Ошондой эле милицияга арыз менен Чүй облусунун 42 жаштагы М.Ч. аттуу тургуну кайрылган. Ал саат 20:00 чамасында белгисиз адамдар Москва көчөсүндө жайгашкан Бишкек эт комбинатынын аймагынан узундугу 52 метрди түзгөн телефон кабелин уурдап кетишкенин билдирген. Кылмышка шектүү катары 51 жаштагы Б.Э. аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда бул эки факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.