9-апрелде "Манас" аэропортунун көзөмөл-өткөрүү бекетинен башка адамдын паспорту менен өтүүгө аракеттенген жаран кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Москва авиакаттамынын жүргүнчүлөрүн каттоо маалында 1991-жылы туулган У.Р. аттуу кыргыз жараны башка адамга таандык паспортту көрсөткөн. Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.