Өкмөт тарабынан дыйкандарга берилген насыялардын көлөмү 1 миллиард сомдон ашты

Өкмөт тарабынан дыйкандарга берилген жеңилдетилген насыялардын көлөмү 1 миллиард сомдон ашты. Бул тууралуу вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев “Айыл чарбасын каржылоо” долбооруна катышкан 5 банктын өкүлдөрү жана журналисттер менен болгон жолугушуусунда айтты. Насыялардын орточо көлөмү 200 миң сомду түзүп, өз ишин өнүктүрүүнү каалаган жана насыялар боюнча карызы жок дыйкандарга берилет. "Насыянын жалпы көлөмүнүн 35 пайызы  250 миң сомдон ашпаган  насыя түрүндө, калган  65 пайызы банктын кароосу менен берилет. Былтыр бул программага 1 миллиард сом бөлүнүп, анын 634 миллион сому гана берилген. Быйыл миллиард сомдун планы эки ай ичинде аткарылды. Азыр насыялар көптөгөн банктар аркылуу берилип жатат, ошондуктан фермерлерди бул долбоорго активдүү катышуусун суранам,- деди Сарпашев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан