Чүй облусунда 39 койду уурдоого шектелген жаран кармалды

Чүй облусунда "39 баш кой уурдаган" деген шек менен 26 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу 11-апрелде Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, милиция кызматкерлерине арыз менен Арчалы айылынын 34 жаштагы М.А. аттуу тургуну кайрылган. Ал 10-апрелде ага тийиштүү кой короодон белгисиз адамдар 39 баш коюн уурдап кетишкенин билдирген. Бул факт боюнча "мал уурдоо" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында кылмышка шектүү катары Чүй облусунун 26 жаштагы М.Н. аттуу тургуну кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
chika.chika
2016-04-11 15:27:01
Эхх ууру десе.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан