Ала-Букада өзбек жерине өтүп кеткен 15 баш жылкы ээсине кайтарылып берилди. Бул тууралуу 11-апрелде Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз бөлүмүнөн билдиришти.
Маалым болгондой, Ала-Бука чек арасынын кызматкерлерине Аксы районунун Курулуш айылынын тургуну кайрылган. Ал оттоп жүргөн 15 баш жылкысы өзбек жерине кирип кеткенин билдирип, аларды кайтарып берүүсүн өтүнгөн. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында арыз ээсине 15 баш жылкысы жана бир кулуну кайтарылып берилди.
Айта кетсек, 2016-жылдын башынан бери чек ара кызматкерлери 146 баш малдын кайтарылып беришине өз салымын кошушкан.