Борбор калаада белгисиз жаран 34 жаштагы жаранды бөтөлкө менен башка уруп, сыныгы менен белине сайып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде "Тез жардам" кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ саат 21:49 чамасында борбор калаадагы көчөлөрдүн биринен "адамды бычактап кетти" деген билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге келген "Тез жардамдын" кызматкерлери 34 жаштагы мас абалдагы жабырлануучуну белгисиз адам бөтөлкө менен башка чаап, бөтөлкөнүн сыныгы менен бел тарабына сайып жибергенин аныкташкан. Жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлүп, ал ооруканага жеткирилген.