Борбор калаада 3 унаа сүзүшүп, 2 аял ар түрдүү жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде "Тез жардам" кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 10-апрелде саат 13:34 чамасында "Тез жардам" кызматына "Байтик баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды" деген билдирүү түшкөн. Аталган дарекке барган "Тез жардамдын" кызматкерлери ал жерде 3 унаа сүзүшүп, 2 аял жабыркаганын аныкташкан. 43 жаштагы жабырлануучу башынан жаракат алып, тизесин оорутуп алган, 44 жаштагы экинчи жабырлануучу баш мээси чайкалып, бетинен жаракат алган. Эки аялга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн.