Орусияда "Кыргыз периси-2016" сынагы өткөрүлдү

Орусиянын Красноярск шаарындагы Сибирь федералдык университетинде "Манас" кыргыз жаштарынын уюму жана аталган окуу жай тарабынан "Кыргыз периси-2016" сулуулук жана таланттар сынагы уюштурулду. Сынакка кыргыз улутундагы 16 жаштан 25 жашка чейинки Красноярск шаарында жашаган жогорку класстын окуучулары жана студенттер катышкан.

Катышуучулар кыргыз жана орус тилдеринде өзүн тааныштыруу жана кыргыздын чыгаан инсандары тууралуу автордук видеоматериал даярдашкан. Уюштуруучулар билдиришкендей, катышуучулар ырдап-бийлеп жана комузда кол ойнотушту. Алардын улуттук колориттеги кечки көйнөктөрдү кийип чыгуусу эң эле кызыктуу болду.

Жыйынтыгында Сибирь федералдык университетинин студенти Акмарал Ранова жеңүүчү аталып, 15 миң рубль сыйлык алды. "Биринчи вице-пери" наамын ушул эле окуу жайдын студенти Нуржан Төрөкулова, "Экинчи вице-пери" наамын Түстүү металлдар жана материал таануу институтунун студенти Анара Бейшенбаева алган. "Онлайн пери" номинациясын №53-мектептин окуучусу Аида Тыныбек ээлеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Musabaeva.
2016-04-11 16:12:55
Эх мындан башка тирилигинер жокпу! ?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан