26-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту экс-президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевди 25 жылга эркинен ажыратты. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, Максим Бакиев бир нече беренелердин негизинде айыпталды. Мындан сырткары анын мүлкү конфискацияланат. Айта кетсек, М.Бакиев 2007-жылы Ысык-Көл облусундагы “Витязь” пансионатынын 9,32 гектар жерин өзүнө менчиктештирип алган. Мындан мамлекетке 123 498 700 сомдук зыян келтирилген. Ошондой эле ал “Түндүк электр” ишканасын 135 700 000 долларга сатууга аракет кылган. Учурда Башкы прокуратура Максим Бакиевди Кыргызстанга алып келүү боюнча иш жүргүзүп жатканы айтылды.