Ишеналы Арабаев атындагы окуу жайдын жатаканасынан өрт чыкты

Бишкекте Ишеналы Арабаев атындагы Мамлекеттик университетинин жатаканасында өрт чыкканын 11-апрелде SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрт өчүрүү кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, бүгүн саат 11:50 чамасында "окуу жайдын 8-кичи районунда жайгашкан жатаканасында өрт чыкты" деген маалымат Өрт өчүрүү кызматынын нөөмөт бөлүмүнө түшкөн.

Аталган дарек боюнча кызматкерлер эки унаа менен барышып, бир сааттын аралыгында өрт толугу менен өчүрүлгөн. Өрт эмне себептен болгону аныкталууда. Анын кесепетинен жабыркагандар болгон жок”,- дейт Өрт өчүрүү кызматынын жетекчисинин орун басары Нурлан Ташмамбетов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
DNurgiza
2016-04-11 16:29:51
кудай сактаптыр, жабыркагандар жок экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан