27-марттан 29-мартка чейин Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Кооптуу аймактардын катарында Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137 жана 198-265-чакырымдары, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымы, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-90 жана 145-150-чакырымдары, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 62-100 чакырымы бар. Аталган аймактарда жол жүргөн айдоочуларга унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоону эскертет аталган министрлик.