Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарында "чырдан улам адам өлтүргөн" деген шек менен 41 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, 3-апрелде саат 17:00 чамасында Көк-Жаңгак шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 1975-жылы туулган Көк-Жаңгак шаарынын тургунунун жансыз денеси табылган. Бул окуя боюнча тергөө бөлүмү тарабынан "адам өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Алгачкы текшерүү амалдарынын жүрүшүндө маркумдун денесинен жараат табылган эмес. Бирок маркумдун өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
"Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында бул окуяга шектүү катары 41 жаштагы Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарынын тургуну кармалды. Ал өз ара чырдан улам мушташа кетишкенин билдирди. Тергөө амалдары уланууда",- дешти милициядан.