Борбордогу 12-кичи райондогу көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жанындагы даракка кечээ асынып алган жигиттин өздүгү тактала элек. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 11-апрелде даракка асынып каза тапкан жаран 20-25 жаштар чамасындагы кыргыз жигити болгон. Анын жанынан акыркы кат табылган. Өз өмүрүн кыйган жигит баарынан тажаганын жазган. Учурда маркумдун аты-жөнүн тактоо иштери улантылууда.