Борбор калаада бейбаштыкка шектелген Чүй облусунун 2 тургуну кармалды
Борбор калаада бейбаштыкка шектелген Чүй облусунун 2 тургуну кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 27 жаштагы Т.А. аттуу жаран кайрылган. Ал Айни көчөсүнөн белгисиз адамдар аны ур-токмокко алып, денесине залал келтиришкенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Чүй облусунун 28 жаштагы С.М. жана Ж.К. аттуу тургундары кармалышкан. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.