Милиция: Акыркы жума ичинде борбор калаада катталган атышуулардын бири-бири менен байланышы жок

Акыркы жума ичинде Бишкек шаарында катталган атышуулардын бири-бири менен байланышы жок. Бул тууралуу 12-апрелде маалымат жыйынында Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Токтоналиев билдирди.

"5-апрель күнү Чүй - Алматы көчөлөрүндө болгон атышууда жабыр тарткан адам уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү экени белгилүү болгон. Аталган кылмышка шектүүлөрдүн унаасы Чокморов айылынан табылган. 6-апрелде 3-кичи райондо унааны токтотууда милиция кызматкерлерине баш ийбестен, аларга карата күч колдонгон Айбек уулу Марс да уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү экени белгилүү. 9-апрелде Чүй жана Исанов көчөсүнүн кесилишинде Г.Александр аттуу орусиялык жаранга карата белгисиз адамдар ок чыгарышкан. Ал "Бообек" ЛТД үй куруучу компаниясынан чыгып, Бообеков Эмил Исаковичке тийиштүү унаага отурганы жаткан маалда ага карата ок чыгарышкан. Бул кылмышты Орусиянын жаранына акча карыз болуп калгандар жасашы мүмкүн же кайсы бир адамдын өз кызыкчылыктарына байланышкан окуя",- деди Токтоналиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан