Абдыкерим Гапаровдун каза болгонуна 1,5 ай болду, бирок анын өлүмүн иликтөө иштери натыйжасыз бойдон калууда. Анын кабинети иликтөө иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу 1,5 айдан бери жабык турат. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын юристи Медербек Осмоналиев билдирди.
"Мен бүгүнкү маалымат жыйынына академиянын юристи эмес, маркумдун жакын таанышы катары келдим. Ал каргашалуу окуя болгон күнү саат 16:00 чамасында 10го жакын адам академияга жулунуп кирип, эшиктерди жаап, А.Гапаровдун кабылдамасына эч кимди киргизбей турду. Мен ошол жерде жүрдүм, "кесиптешибиздин жүрөгү ооруйт" деп айтып жаттык, бирок бизди эч ким уккан жок. Көп өтпөй УКМКнын кызматкерлеринин бири чуркап чыгып жардам сурап калды. Ызы-чуу башталганда мен жулунуп кабылдамага кирсем, А.Гапаров дем албай, отургучтардын үстүндө отуруптур. Ага жардам көрсөтүлдү, бирок кеч болуп калган.
Биз аталган кызматтын кызматкерлерине тиешелүү документтерди жана тинтүү кылууга уруксат берүүчү соттун токтомун сурай баштадык. Бизге эч ким эч кандай документ көрсөткөн жок. Ал эми "Тез жардам" кызматы Гапаров каза болгондон 1 сааттан кийин гана келди",- деди Осмоналиев.