Бишкекте май айынын башында "Мир-Бишкек" радиосу "Жди меня" аттуу марафон өткөрөт. Бул маалымат бүгүн, 27-мартта аталган долбоордун жетекчиси Алёна Шепетило менен Бишкек мэри Иса Өмүркуловдун жолугушуусунда белгилүү болду. Шепетилонун айтымында, бул күнү 12 саат бою радио аркылуу жоголгон адамдардын ысымдары жаңырат. Марафон учурунда “Вид” жана “Мир” каналдары Бишкектеги борбордук аянтта иш-чара уюштурат. Ал жерге жакынын жоготкондор алардын сүрөттөрүн алып келишип, өз окуяларын баяндоосуна шарт түзүлөт. Өз кезегинде мэр бул иш абдан маанилүү экендигин белгиледи.