Бишкек шаарында болгон жол кырсыгынын кесепетинен наристе каза болуп калды. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, кечээ саат 23:50 чамасында Ахунбаев көчөсү менен батышты көздөй бара жаткан Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа Тыналиев көчөсүнө бурулган маалда Мазда Демио үлгүсүндөгү унаа менен кагылышып кеткен. Окуя болгон жерден "Тез жардам" кызматкерлери тарабынан жабыр тарткандардын баарына алгачкы жардам көрсөтүлгөн. Мазда унаасында 3 жаш бала болгон, алардын бири алган оор жаракаттарынан улам ооруканадан каза тапкан. Аталган факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.