Президент Алмазбек Атамбаев ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысы Сергей Капиносту кабыл алды

27-мартта президент Алмазбек Атамбаев ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысы Сергей Капиносту кабыл алды. Жолугушууда Кыргызстандын ЕККУ менен мындан аркы кызматташуусунун маселелери талкууланды. Аңгемелешүүнүн башында мамлекет башчы Сергей Капиносту анын Бишкектеги миссиясынын башталышы менен куттуктады. Өз кезегинде Сергей Капинос ЕККУ Кыргызстанга социалдык-экономикалык реформаларды жүргүзүүдө жигердүү көмөк көрсөтүү ниети бар экендигин баса белгиледи. Ошондой эле ал Кыргызстанда укук коргоо органдарын реформалоону колдоо программасынын ийгиликтүүлүгүн белгилеп, ЕККУда террористтерге каршы коопсуздукту камсыздоо боюнча долбоор бар экендигин кошумчалады. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан