Талас облусундагы Дарыгерлердин жалпы практикалык борборунун директору менен башкы эсепчиси "ири суммадагы акча каражатын өздөрүнө ыйгарып алышкан" деп шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде SUPER.KG порталына Талас ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Бакай-Ата районунда аталган борбордун директору менен башкы эсепчиси биргеликте суу чыгаруу моторлорун жогорку бааларды көрсөтүү менен сатып алганы боюнча факт катталган. Муну менен алар мамлекетке 70 миң сом зыян алып келишкен. Аталган факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “кызматтык жасалмачылык” беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.