Бишкекте психикалык жактан жабыркаган 25 жаштагы жаран үчүнчү ирет өзүн өзү өлтүрүүгө аракет кылып, көп кабаттуу үйдүн 4-кабатынан секирип кетти. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 10-апрелде болжол менен саат 23:30да Тимирязев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 4-кабатынан 25 жаштагы адам секирип кеткен. Тиешелүү кызматкерлер окуя болгон жерге барып, өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган Бишкек шаарынын 25 жаштагы С.А. аттуу тургуну экенин көрүшкөн. Алган жаракаттары менен ал ооруканага жеткирилген. Иликтөө иштеринин алкагында жабырланган жаран 2014-жылдан бери Психоневрологиялык диспансерде каттоодо турганы жана буга чейин эки ирет өз өмүрүнө кол салууга аракет жасаганы маалым болгон.