Таласта “өспүрүм кызды зордуктап жүргөн” деп айыпталып жаткан Эрлан Дөлөновдун жубайы Багдагүл Замирбек кызы “жолдошума "өспүрүм кызды зордуктады" деп жалаа жаап жатышат” деп 12-апрелде SUPER.KG поралына билдирди.
“Мен бүгүнкү Жогорку Сотто чыгарылган чечимди туура көрдүм. Райондук сот ишти кайрадан карап чыгып, күнөөсүз адамды актайт деген үмүттөмүн. Биз райондук сотко жолдошумду актап берүүсүн суранып кайрылабыз. Эгерде жолдошумдун ушул ишке кымындай тиешеси болсо, мен аны "түрмөдө чирисин" деп коймокмун. Анткени менин да өсүп келе жаткан эки кызым бар”,- дейт Дөлөновдун жубайы.
Эскерте кетсек, бүгүн Жогорку Соттун судьяларынын чечими менен аталган факт боюнча Бакай-Ата райондук жана Талас облустук сотунун чечимдери жокко чыгарылып, кайрадан кароо максатында иш Бакай-Ата райондук сотуна жиберилген.