27-мартта Талас районундагы Ак-Сай айылына караштуу токойдон өрт чыгып, 0,5 гектар аянт күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын Өрттүн алдын алуу жана анализдөө бөлүмүнүн башчысы Уланбек Танабаев билдирди. Анын айтымында, өткөн суткада Чүй облусунда 3, Ош шаарында 2, Жалал-Абад облусунда 5, Ысык-Көл облусунда 1, Ош облусунда 3 жана Талас облусунда 1 өрт кырсыгы катталып, тилсиз жоодон адам өмүрүнө зыян келтирилген учур катталган жок.