Бишкекте "унаанын терезесин талкалап, 1000 доллар акчаны уурдаган" деп шектелген жаран кармалды

Бишкекте "унаанын терезесин талкалап, 1000 доллар уурдаган" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, милиция кызматкерлерине арыз менен Бишкек шаарынын 47 жаштагы тургуну кайрылган. Ал 2-апрелде саат 19:30 чамасында белгисиз адамдар Тойота үлгүсүндөгү унаасынын терезесин талкалап, 1000 долларын, уюлдук телефонун, контейнеринин ачкычын жана сумкасын уурдап кетишкенин билдирген. Иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 28 жаштагы тургуну кармалды. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ulan_sabina
2016-04-13 09:17:40
Арам оокат аш болбой. Эми ошо мин долларды 3.4 эселетип толойсун кызыл шапкечендерге
0
miraiymka
2016-04-13 09:51:58
азыр ушул айнек сындырып урдамай коп катталып жатат окшойт,бир жума мурун менин да машинамды парковкада турган жеринен рулевой жактагы стеклосун сындырып машинадан телефон (а5) бираз акчаларды урдап кетишиптир и сумкалар бар эле баарын чачып антарыптыр.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан