Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Ак-Жар айылында 5 сааттан ашуун убакыт дайынсыз болгон 3 бала айылдын чекесиндеги көлмөдөн табылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде SUPER.KG порталына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын тескөөчүсү Асылбек Токтомушев билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 11-апрелде саат 09:00 чамасында аталган айылдагы үйлөрдүн биринен сыртка ойногонго чыккан 5 жаштагы кыз, 5 жана 2,5 жаштагы эркек балдар дайынсыз болуп кетишкен. 3 небересин караган таене 1 сааттай аларды издеп, өз күчү менен таппай койгондо балдарына телефон чалган. Саат 12:30га чейин жүргүзүлгөн издөө иштери натыйжасыз болуп, балдардын ата-энеси милицияга жардам сурап кайрылган. Ак-Жар айылына барган патрулдук милициянын кызматкерлери жоголуп кеткен балдардын сүрөттөрүн алып, аларды издөө иштерин жүргүзгөн. Саат 14:30 чамасында 3 бала айылдын чекесиндеги көлмөнүн жанында ойноп жаткан жеринен табылып, ата-энелерине өткөрүлүп берилген.