Өзгөндө чагылган түшүп, бир үй-бүлө зыянга учурады

Ош облусунун Өзгөн районунда чагылган түшүп, анын кесепетинен бир үй-бүлөнүн турак жайынын бир топ жери жараксыз абалга келди. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, бүгүн таңкы саат 05:55 чамасында Өзгөн районунун Кызыл-Тоо айыл аймагындагы Эркин-Тоо айылынын Жээнали Жамантаев аттуу тургунунун турак жайына чагылган түшкөн. Чагылгандын кесепетинен үй ээсинин мончосунун шиферлери, турак жайынын айнектери сынып, муздаткычы жана электр эсептегичи жараксыз абалга келген.

Окуяны жеринен тактоо үчүн тиешелүү кызматкерлер жөнөп кетишкени маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
ulan127775
2016-04-13 10:04:41
Кудай сакта
+4
ere
2016-04-13 10:39:47
ошо тарса турс болуп жатат эле
0
Pandora
2016-04-13 10:59:35
Кудайым озу тилсиз жоо,бээ маал оолумдон,курук доомат,шерменделиктен сактасын...
+6
marmiladka9
2016-04-13 11:14:35
Озгонумду Жаратканым сакта
жер титиреп,чагылган тушуп...
0
nari94germanya
2016-04-13 11:43:24
Men aiabai korkom chagylgandan.chagylgan bashtalgandale baardyk nerseni ochyryp salam.zaryaddashyp ketpesin dep.kydai saktaptyr adamdar syanga ychyrabashyptyr.
+1
miss-998
2016-04-13 22:08:09
Иии болор иш болуптур эми
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан