Борбор калаадагы үйлөрдүн биринин жанына болжол менен 4-5 айлык эркек баланы таштап кетишти. Баланын жаңы энеси аны багып алууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде SUPER.KG порталына шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-апрель күнү борбордогу Интергельпо көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жанынан эркек бала табылган. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, иликтөө иштерин жүргүзүшкөн. Баланы тиешелүү мекемеге өткөрүп берүү үчүн алып кетеринде ымыркайдын жаңы энеси баланы берүүдөн баш тартып, аны багып алууга ниеттенип жатканын билдирген. Тиешелүү иш-чаралар, текшерүүлөрдөн кийин наристе убактылуу жаңы энесинин үйүндө калтырылды. Учурда баланын өз энесин издөө иштери жүрүүдө.