Ысык-Көл облусунун Түп районунан спорттук мелдештен келе жатып жол кырсыгына кабылган 14 жаштагы О.Алтынай ооруканадан каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде Түп райондук ооруканасынын башкы дарыгери Бермет Токтомушова SUPER.KG порталына билдирди.
“4-апрелде оор абалда райондук ооруканага түшкөн Алтынай 8-апрелде таңкы саат 5те Бишкектеги балдар ооруканасына жөнөтүлгөн. Кыз 12-апрелде каза болуптур”,- деди Токтомушова.
Эскерте кетсек, 4-апрелде Түп-Каракол унаа жолунда Тойота Эстима унаасы кырсыкка кабылган. Унаада бараткан 8 жаш бала ар түрдүү жаракаттарды алган. Жабырлануучулардын арасынан 3 бала аймактык оорукананын хирургия бөлүмүнө, ал эми 14 жаштагы кыз оор абалда оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Алар Түп районунун борборунда өткөрүлгөн спорттук мелдешке катышып, кайра Маяк айылына бара жатышкан. Айдоочу унаасын башкара албай, унаа оодарылып кеткен.