Ош облусунун Өзгөн районунда "балдызынын 2 жаштагы кызын сабап өлтүргөн" деп айыпталган жаранга жабырлануучу тарап тосмо арыз жазып берди. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде SUPER.KG порталына Ош ОИИБинин басма сөз бөлүмүнүн башчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.
Аталган факт боюнча иш Өзгөн райондук соту тарабынан кечээ, 12-апрелде каралды. Соттун жүрүшүндө жабырлануучу тарап менен кылмышка шектелген жаран өз ара пикирге келип, жабырлануучулар тосмо арыз беришкени белгилүү болду. Соттук отурум 14-апрелге жылдырылды.
Эскерте кетсек, окуя 2015-жылдын 26-октябрында саат 20:00 чамасында болгон. Анда Өзгөн районунун 39 жаштагы тургуну балдызынын кызын заара кылып койгону үчүн тарбиялоо максатында сабаган. Андан кийин кыз Өзгөн райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, өзүнө келе албай 27-октябрда көз жумган. Дарыгерлер кыз башынан катуу жаракат алганын айтышкан эле. Кылмышка шектүү катары кармалган жаранга кылмыш иши ачылып, камакка алынган.