Баткен облусунда чек ара режимин бузган Тажикстандын эки жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз бөлүмүнөн билдиришти.
Маалым болгондой, Лейлек районунун Максат айыл аймагынан чек ара режимин бузган жаран кармалган. Ал кыргыз өлкөсүнүн аймагынан Тажикстанга РЕНО үлгүсүндөгү газ ташуучу унаа менен газ өткөрүүгө аракет жасаганын билдирген. Ошол эле аймактан чек арачылар Тажикстандын дагы бир жаранын чек ара режимин бузгандыгы үчүн кармашкан. Кармалган жаран кыргыз жаранына тийиштүү болгон 500 баш бодо малды кайтарып жүргөнү маалым болгон. Кармалган жарандарга карата административдик айып пул салынды.