Москвадан эл аралык издөөгө алынган кыргыз жараны кармалды

Орусиянын Москва шаарынын Домодедово аэропортунан эл аралык издөөгө алынган кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, эл аралык издөөдө жүргөн 29 жаштагы кыргыз жараны аэропорттун аймагында жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын алкагында кармалып, нөөмөт бөлүмүнө жеткирилген. Ал кыргыз өлкөсүндө “алдамчылык” беренеси менен айыпталып, эл аралык издөөгө алынганы белгилүү болгон. Азыркы тапта бул иштин үстүндө териштирүүлөр жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан