ЖКнын депутаты Дастан Жумабековдун маалыматына таянсак, Талас облусундагы Көк-Сай айылынын тургундары жол тосууга камынып жатышат. Анын айтымында, аталган айылга жакын жайгашкан кыргыз-казак арасындагы 2 миң гектар жер талашка түшүүдө. Эгерде эки тараптын чек арасы боюнча кол коюлган келишимдер ратификацияланып, тез арада чечилбесе, анда чоң көйгөй жаралышы мүмкүн. “Кыргыз-казак чек арасындагы жер талашуу курчуганы турат. Биздин тийиштүү органдардын жетекчилери бул маселени чечпей жатышат. Эл болсо тезирээк чечүү талабын коюшууда",- деди депутат.