Бишкек-Ош унаа жолунда “тажик улутундагы 22 жарандын ири суммадагы акча каражатын жана баалуу буюмдарын тартып алган” деп шектелгендер кармалышты

Бишкек-Ош унаа жолунан “тажик улутундагы 22 жарандын ири суммадагы акча каражатын жана баалуу буюмдарын тартып алган” деп шектелген адамдар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 9-апрелде милиция кызматкерлерине арыз менен Бишкек-Ош каттамында маршруттук такси айдаган айдоочу кайрылган. Ал аталган унаа жолдун 426-чакырымында Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү маршруттук такси менен 22 тажик жаранды алып бара жатып эс алууга токтошконун айткан. Ошол маалда аларга белгисиз 4 адам келип, тапанча менен коркутуп, анын 150 миң сом акча каражатын, тажик жарандарынын 59 миң рубль, 2 миң теңге жана 9 даана уюлдук телефонун тартып алышканын билдирген. Алар Мерседес-Бенц 280 E үлгүсүндөгү унаасына отуруп Ош тарапты көздөй кетип калышканын байкашкан.

Аталган факт боюнча жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Мерседес-Бенц 280 E үлгүсүндөгү мамлекеттик номери жок унаа Ноокен районунун Массы айылынан токтотулган. Унаада бараткан 24 жаштагы Сузак районунун Б.Э., Ош шаарынын Ж.Э., Араван айылынын Ж.М. аттуу тургундары жана Ноокат районунун 23 жаштагы И.К. аттуу тургуну кылмышка шектүү катары кармалган. 11-апрель күнү аларга карата Кылмыш-жаза кодексинин “каракчылык” беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, эки айга камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүрүп, алардын башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу текшерилүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Beka.kaba
2016-04-13 17:18:51
сонун болуптур
-1
altyshka_23
2016-04-13 17:23:56
Кармагандан кийин жазалагыла,акчасын алып койуп жугорбой
-1
MuslimNur95
2016-04-13 20:11:16
Эки айга камакканада акчасы барлар чыгарып кетет го эки айдын ичинде
-1
Rifle_3
2016-04-14 19:21:43
Айдоочунун акчасына неге тийишти ,рубль алгандан кийин кете бер да. Соткаларды албаш керек эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан