Орусияда "19 жыл мурун эки адамды өлтүргөн" деп айыпталган жаран Чүй облусунан кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, кармалган Евгений Д. "1997-жылы Орусиянын Алтай крайынын Бийск районунан эки адамды өлтүргөн" деп айыпталып, 1999-жылдын февраль айында ага карата эл аралык издөө жарыяланган. Ал 19 жылдан бери Кыргыз Республикасынын аймагында жашап, изин жашыруу максатында эки жолу аты-жөнүн өзгөрткөнү белгилүү болду. Анын үйүн тинтүүгө алган маалда 25 граммдан ашуун марихуана табылган. Азыркы тапта ыкчам иликтөө иштери жүрүп, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген.