Борбор калаада "бейтааныш адамды ур-токмокко алып, денесине залал келтирген" деп шектелген шаар тургуну кармалды

Борбор калаада "бейтааныш адамды ур-токмокко алып, денесине залал келтирген" деп шектелген шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 29 жаштагы Т.А. аттуу жаран кайрылган. Ал 12-апрелге караган түнү 03:55 чамасында борбордогу соода борборлорунун биринин жанынан бейтааныш адамдар аны ур-токмокко алып, денесине залал келтиришкенин билдирген. Натыйжада жабырлануучу баш мээси чайкалып ооруканага жаткырылган. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 25 жаштагы Т.К. аттуу тургуну кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан