Бишкекте ижарага алган унаасын ээсине кайтарып бербей койгон жаран кармалды

Бишкек шаарында "ижарага алган унаасын ээсине кайтарып бербей койгон" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 32 жаштагы К.Б. аттуу жаран кайрылган. Ал 21-март күнү саат 12:00 чамасында бир жумага ижарага алган Хонда Фит үлгүсүндөгү унаасын чала таанышы кайтарып бербей, изин жашырып жүргөнүн билдирген. Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 32 жаштагы Ж.Э. аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан