"Бишкектеги "Жал-Артис" турак жай комплексинде курулуп жаткан үйлөрдөн өкмөткө 120 батирдин берилиши тууралуу 2008-жылы келишим түзүлгөн. Бул батирлер 2011-жылы тапшырылыптыр". Бул сөздү бүгүн, 28-мартта ЖКнын жыйынында депутат Бөдөш Мамырова айтты. “Келишимге ылайык, ал жердеги үйлөрдөн Президенттик Аппаратка 10, Өкмөттүк Аппаратка 10 жана Жогорку Кеңешке 10 батир, калгандары министрликтерге жана мекемелерге берилмек. Жогорку Кеңешке бөлүнгөн батирлерди кимдер алгандыгы белгисиз",- дейт эл өкүлү. Ал аталган маселени тактап коюуну өкмөттөн өтүндү.