Борбор калаадагы кичи райондордун биринен 9-кабаттан пенсионер кулап каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде SUPER.KG порталына жергиликтүү тургундар билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн 7-кичи райондогу көп кабаттуу үйлөрдүн биринде саат 16:00гө жакын болгон. Анда 75-77 жаштар чамасындагы пенсионер 9-кабаттан кулап каза тапкан. Айрым маалыматтарга караганда, пенсионер онкологиялык оору менен ооруп келген.
"Учурда окуя болгон жерде милиция кызматкерлери иш алып барышууда. Пенсионер кулап кеттиби же атайылап секирдиби, аны иликтөө иштери көрсөтөт. Азырынча толук маалымат жок",- деди Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын башчысы Олжобай Казабаев.