Ысык-Ата районунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 3 аялдын иши боюнча кылмыштын бети ачыла элек

Ысык-Ата районундагы үйлөрдүн биринен мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 3 аялдын иши боюнча иликтөө иштери улантылууда. Азырынча кылмыштын бети ачыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде SUPER.KG порталына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда бул кылмыштын бетин ачуу максатында Чүй ОИИББинин жана Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыгынын тажрыйбалуу кызматкерлеринен турган кылмыш иликтөө тобу иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Айта кетсек, бул факт боюнча “адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Каза болгон аялдардын экөө эже-сиңди, ал эми үчүнчүсү үй ээсинин кош бойлуу 24 жаштагы кызы болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mercedes202
2016-04-13 21:16:29
Канча убакыт отту андан бери, неге табыла элек кылмышкерлер?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан