ЖКнын депутаты Эркингүл Иманкожоева Бишкектеги ЦУМдун жанында жайгашкан кытай кафесиндеги эттер талапка жооп бербей тургандыгын бүгүн, 28-мартта ЖКнын жыйынында билдирди. Анын айтымында, тийиштүү орган эттерди текшерүүдөн өткөргөндө сапаты начар болуп чыккан. “Ушул маселени карап чыгуу керек. Бул кафеде эшектин этиби же буйволдун эти берилип жатабы ким билет? Кытай оюнчуктары менен элибизди ууландырганыбыз аз келгенсип, эми ар кандай эттер менен уулайбызбы? Шаардагы бардык кафелерди текшерүү керек”,- деди эл өкүлү.