Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 4 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 5 өрт өчүрүү бөлүмү тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1, Ош облусунда 2, Нарын облусунда 1 өрт кырсыгы катталды.
Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндө К.Кошмырзаев аттуу тургунга тийиштүү үйдүн жыгач устундуу, темир жабылган 28 чарчы метр бастырмасынын чатыры жана 70 түк саманы толугу менен күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби аныкталууда.