Талас районунда унаа жолдон чыгып кетип, айдоочу жана жүргүнчүсү жеңил жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы саат 00:46 чамасында Тай-Жорго айылындагы Талас-Бишкек унаа жолунун 60-чакырымында орун алган. Анда BМW үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып кеткен. Унаанын 29 жаштагы айдоочусу Шайлоо А. жана 28 жаштагы Мирбек С. аттуу жүргүнчүсү жеңил жаракат алышкан. Кырсык болгон жерге куткаруучулар барышып, биринчи медициналык тез жардам көрсөтүп, ооруканага жеткирилишкен.