29-мартта Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Алмазбек Атамбаевдин жана “Кыргыз-Орус Экономикалык Кеңеши” ассоциациясынын демилгеси менен “Кыргызстан Евразиялык алаканын жолунда” аттуу эл аралык конференция өткөрүлөт. Иш-чарага Кыргызстан, Беларусь, Казакстан, Орусия, Тажикстан жана Украинанын эксперттик коомдору, бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышат. Ошондой эле КРнын прьемер-министри Жантөрө Сатыбалдиев, Орусиянын биринчи вице премьер-министри Игорь Шувалов жана башка атайын өкүлдөр да катышат. Конференцияда Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүн аныктоо боюнча бардык тараптар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү калыптандырууга өзгөчө көӊүл бурулат.